Бабанов: Мухамметкалый Абулгазиев, сиз вице-премьерликке татыктуу эмессиз!

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат ЖК 6-го созыва Омурбек Бабанов
Депутат ЖК 6-го созыва Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов вице-премьерлердин санын кыскартуу керек деген пикирде.
Өмүрбек Бабанов: Абулгазиев, депутаттарды ушактаганды токтотуңуз

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Мухамметкалый Абулгазиев, сиз вице-премьерликке татыктуу эмессиз. Мындай пикирин "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов парламентте өкмөттүн курамын жана программасын бекитүү каралып жатканда билдирди. 

Бабанов эмне үчүн мурунку ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев кызматтан кеткендигине кызыгып, биринчи вице-премьерликке сунушталып жаткан Мухамметкалый Абулгазиевге ачуу сындарды айтты. 

"Мухамметкалый Абулгазиев, сиз биринчи вице-премьерликке татыктуу эмессиз. Депутаттар тууралуу ушактарды айткандын ордуна экономиканы өнүктүрүү керек. Депутаттар тууралуу ушак айтканды токтотуңуз. Мындан сырткары, вице-премьерлердин санын кыскартуу керек", — деди Бабанов. 

Өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Сооронбай Жээнбеков ИИМде реформа кечеңдеп кеткендиктен улам Кашкар Жунушалиев кызматтан алынганын айтып, вице-премьерлердин өз милдеттери бар экендигин кошумчалады. 

Ал эми Абулгазиев бир гана иш тууралуу сүйлөй турганын айтып, Бабановду фактылардын негизинде сүйлөөгө чакырды.

Өкмөттүн жаңы сунушталган курамы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0