Украина менен КРдин ТИМ башчылары "телефондогу сүйлөшүү" боюнча пикир алышты

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУкраинанын желеги. Архив
Украинанын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Украина президентинин сайтына Кыргызстан менен Украина башчылары телефон аркылуу баарлашкандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Кийинчерээк Кыргызстан тарап бул маалыматты төгүндөгөн.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнү КРдин ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Украина президенти Петр Порошенконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Порошенко менен Атамбаевдин атынан деги ким сүйлөштү?
Маалыматка ылайык, үйлөшүү Украинанын Тышкы иштер министрлиги тарабынан демилгеленген. 

Эске сала кетсек, шаршемби күнү Украина президентинин сайтына Кыргызстан менен Украина башчылары телефон аркылуу баарлашкандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Кийинчерээк Кыргызстан президентинин аппараты Атамбаев менен Порошенконун ортосунда эч кандай сүйлөшүү болбогонун айткан. Бирок Украина президентинин сайтындагы маалымат бир топко чейин туруп, кийинчерээк алынган.

"Тараптар жагдай боюнча тактоо иштерин жүргүзүү тууралуу сүйлөшүштү. Ошентип маселе жөнгө салынды", — деп айтылат билдирүүдө. 

Белгилей кетсек, айрым интернет колдонуучулар Украина президентин россиялык пранкерлер Вован жана Лексус (Владимир Кузнецов жана Алексей Столяров) тамашага салышы мүмкүндүгүн жазып чыгышкан. Бирок алар буга эч кандай тиешеси жок экенин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0