ШКУ саммитинин жыйынында 12 документке кол коюлду

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүОфициальный визит премьер-министра РФ Д. Медведева в Киргизию
Официальный визит премьер-министра РФ Д. Медведева в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын ичинде ШКУга мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчылары тараптан биргелешкен коммюнике макулдашылды.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. ШКУ саммитинин жыйынтыгы менен 12 документке кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Эске сала кетсек, бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин 15-юбилейлик жыйыны болуп өттү.

Натыйжада төмөнкү чечимдер макулдашылды:

  1. ШКУга мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык көп тармактуу программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу ШКУнун катчылыгынын отчету
  2. ШКУнун 2015-жылга бюджетинин аткарылышы боюнча ШКУнун финансылык отчету
  3. ШКУнун 2017-жылга бюджети
  4. ШКУга мүчө мамлекеттердин жана ШКУнун туруктуу органдарынын тышкы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүү боюнча тышкы аудиторлордун комиссиясынын доклады
  5. Келечек иштер тууралуу ШКУнун өнүгүү банкын жана ШКУнун (Атайын эсебин) өнүктүрүү фондун түзүү.
  6. ШКУнун алкагында 2017-2021-жылдар аралыгында ишмердүүлүгүн келечекте өнүктүрүү долбоору боюнча иш чаралардын тизмеси
  7. ШКУнун илимий-техникалык өнөктөштүгү тууралуу концепциясы
  8. ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөр аралык 2016-2010-жылдар аралыгында илимий-техникалык кызматташтык жөнүндөгү иш-чараларды ишке ашыруу боюнча планы
  9. ШКУнун жолдорду өнүктүрүү жөнүндөгү программасынын долбоору
  10. ШКУ катчылыгынын жаңы түзүмү
  11. ШКУ катчылыгынын жаңы штаттык түзүмү тууралуу чечимдерге кол коюлду
  12. ШКУга мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчылары тараптан биргелешкен коммюнике.
Жаңылыктар түрмөгү
0