Медведев: ШКУ аймактагы тынчтык менен туруктуулукту камсыздоодогу милдетин аткарды

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын премьер-министри Дмитрий Медведев ШКУ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңейтилген жыйынында
Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев ШКУ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңейтилген жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ШКУнун түзүлгөнүнө 15 жыл болду. Ага кирген мамлекеттер аймактагы коопсуздук жана туруктуулукту камсыз кылууну көздөгөн.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюму өз алдына койгон аймактагы тынчтык менен туруктуулукту камсыздоо деген милдетин аткарды деп айтты Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев ШКУ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңейтилген жыйынында. 

Медведевдин айтымында, ШКУ түзүлгөн учурдан тарта ага кирген мамлекеттер жана уюмдун өзү аймактагы коопсуздук жана туруктуулукту камсыз кылууну көздөйбүз деген максатына жетти.

"Азыркы түзүлгөн кырдаалга карабай, биз көйгөйлөрдөн али арыла элекпиз. Анткен менен түптөлүп жатканда айтылган баалуулуктарга жетише алдык. Жасай турган көптөгөн тышкы жана ички иштерибиз боюнча иштеп жатабыз. Булар — коопсуздук, баңги каналдарга каршы туруу, инфраструктуралык милдеттерди чечүү болчу",— деди Медведев.

Официальный визит премьера Госсовета КНР Ли Кэцяна в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Ли Кэцян ШКУдагы коопсуздук, өнүгүү жана интеграцияны колдой турганын айтты
Анын пикиринде, саясий эрктен улам ШКУ көп өлкөлөр кирүүгө умтулган толук форматтуу бирикмеге айланды.

Экономикалык маселелер туурасында ал көп иштер аткарылганы менен, дагы ишке ашпай жаткан долбоорлор бар экендигине токтолду. Экономикалык кызматташууну арттыра турган дагы бир катар документтерге кол коюуларын кошумчалады. 

Медведев ШКУ өлкөлөрүндө эбегейсиз транспорттук мүмкүнчүлүк колдонулбай жаткандыгын жашырган жок. 

"Россия тараптан айтарым, биз 2014-жылдан тарта автомобиль менен эл аралык ташууларды аткара турган макулдашууларга даярбыз. ШКУнун жолдорду өнүктүрүү боюнча программасынын тез арада иштелип чыгышын чыдамсыздык менен күтөбүз", — деди Россия премьери. 

Ал уюмдун алкагында талкуулай турган энергетика жана азык-түлүк боюнча маанилүү делген маселелер бар экенине токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0