Кыргызстанга РФ премьер-министри Дмитрий Медведев келди

© Пресс-служба правительства КРКыргызстанга өкмөт башчы Дмитрий Медведев башында турган россиялык делегация келди
Кыргызстанга өкмөт башчы Дмитрий Медведев башында турган россиялык делегация келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия премьер-министрин Кыргызстандын биринчи вице-премьеринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Шаршемби күнү Кыргызстанга өкмөт башчы Дмитрий Медведев башында турган россиялык делегация келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы блдирди.

Россия премьери Бишкекте бейшемби күнү өтө турган Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын 15-мааракелик жыйынына катышуу үчүн келди.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келген Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Кытай өкмөт башчысы менен кыргыз-кытай мамилесин талкуулады
"Манас" эл аралык аэропортунан Медведевди биринчи вице-премьердин милдетин аткаруучу Мухамметкалй Абулгазиев тосуп алды", — деп айтылат билдирүүдө.

Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) — Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын өлкө башчылары тарабынан 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. 2015-жылдын 10-июлунда ШКУга Индия менен Пакистандын кошулуусу боюнча процедура башталган. Уюм аталган аймакта стабилдүүлүк менен коопсуздукту бекемдөө, терроризм, сепаратизм, экстремизм, баңгизат сатуу менен күрөшүү, экономика, энергетика, илим жана маданият жаатында кызматташуу максатын көздөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0