ЖК референдумду дайындоо боюнча демилгени үчүнчү окууда жактырды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын конституциясы. Архив
Кыргыз Республикасынын конституциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбоорунда референдумду өткөрүү датасын 2016-жылдын 11-декабрына белгилөө сунушталган.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Депутат VI созыва ЖК Жанарбек Акаев - Sputnik Кыргызстан
Жанар Акаев: референдумга каршыларды желмогуз, колдогондорду баатыр кылган туура эмес
Аталган мыйзам долбоорун 90 депутат колдосо, 15 эл өкүлү каршы пикирлерин билдирди. 

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунда референдумду өткөрүү датасын 2016-жылдын 11-декабрына белгилөө сунушталган.

Эске салсак, 2016-жылдын 11-октябрында Жогорку соттун Конституциялык палатасы мыйзам долбоору боюнча оӊ корутунду чыгарган. Ага ылайык, мыйзам долбоору демократиялуу укуктук мамлекеттин ынанымдарына каршы келбейт.

Референдумдан кийин ЖК тарайбы? Депутат менен эксперттердин пикирин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0