Өмүрбек Бабанов: "Республика — Ата-Журт" көпчүлүк коалициясына кирбейт

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов
Депутат VI созыва ЖК Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү "РАЖ" көпчүлүк коалициясына кирбей эле Конституцияга өзгөртүүлөрдү колдой турганын белгиледи.
Өмүрбек Бабанов: РАЖ коалицияга кирбей эле Конституциянын өзгөрүшүн колдойт

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" фракциясы көпчүлүк коалициясына кирбейт. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Өмүрбек Бабанов парламентте сүйлөп жатып билдирди. 

Эске сала кетсек, буга чейин депутат Өмүрбек Текебаев айрымдар көпчүлүк коалициясына кирүү үчүн Баш мыйзамды өзгөртүүгө макул болот деген пикирин айткан.

"Өмүрбек Текебаев айтып кетти, коалицияга баруу үчүн макул деген добуш бересиңер деп. Биз Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилгени башынан бери эле колдоп келе жатабыз. Урматтуу Иса Шейшенкулович, мен ачык айтам. Биз көпчүлүк коалициясына кирбейбиз", — деди Бабанов.

Эл өкүлү "РАЖ" көпчүлүк коалициясына кирбей эле Конституцияга өзгөртүүлөрдү колдой турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0