БШК: Бишкек шаардык кеңешке катышууга 14 партия арыз тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековХод выборов в Жогорку Кенеш 2015 в Бишкеке
Ход выборов в Жогорку Кенеш 2015 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган партиялар тиешелүү процедуралардан өтүп, күрөөгө 50 миң сомдон төлөшкөн.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңеши үчүн өтө турган шайлоого катышууга 14 партия арызын берди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын өкүлү Максат Турумбеков билдирди. 

Эске сала кетсек, президент жергиликтүү кеңештерге шайлоону 11-декабрга өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон.

"Бүгүн Бишкек шаардык кеңешке каттоо үчүн арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү. Саат 24:00дө арыздарды кабыл алуу токтойт", — деди Турумбеков. 

Добуш берип жаткан шайлоочулардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо БШКга 2,3 млн. шайлоочунун тизмесин өткөрүп берди
БШКнын берген маалыматы боюнча учурда 14 партия арыз берди. Алар:

КСДП, "Актив", "Замандаш", "Аалам", "Кыргызстан", Кыргызстандын коммунисттер партиясы", "Улуу Кыргызстан", "Мекеним Кыргызстан", "Жаңы доор", "Республика — Ата-Журт", "Таза Кыргызстан", "Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы", "Өнүгүү — Прогресс", "Кыргызстандын жашылдар партиясы".

Аталган партиялар тиешелүү процедуралардан өтүп, күрөөгө 50 миң сомдон төлөшкөн. 

"Учурда "Өнүгүү — Прогресс", "Актив" жана "Коммунисттер париясы" гана тизмесин берди. 10-ноябрга чейин тизмектеги талапкерлердин документтери жана соттолгондугу боюнча текшерүү болот", — деди ал. 

Ал соттолгондорду текшерүүгө ИИМ менен биргеликте иш жүрөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0