Иса Өмүркулов: коалиция маселеси боюнча Баатырбеков жана Сулайманов менен сүйлөштүм

© Sputnik / Жоомарт УраимовКСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов келечекте көйгөйлөр жаралбашы үчүн ийне-жибине чейин сүйлөшүүгө аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясын куроо үчүн бүгүн "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракцияларынын лидерлери менен сүйлөшүү болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. 

Эске сала кетсек, дүйшөмбү күнү КСДП фракциясы коалициядан чыгып, көпчүлүк коалициясы тараган. Ал эми шаршемби күнү президент жаңы коалиция куроо үчүн мандатты КСДП фракциясына тапшырган

"Учурда көпчүлүк коалициясын куроо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бүгүн "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков жана "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен кезиктим. Келечекте көйгөйлөр жаралбашы үчүн ийне-жибине чейин сүйлөшүүгө аракет кылып жатабыз", — деди Өмүркулов.

Эл өкүлү коалиция куроо маселе кийинки аптада чечилип каларын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0