Мээрбек Мискенбаев мандатын эмнеге тапшырганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Меербек Мискенбаев
Депутат Жогорку Кенеша Меербек Мискенбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал "Айкөл Ала-Тоо" кыймылынын төрагасы. Эл өкүлү КСДП фракциясынан мандат алган.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Мээрбек Мискенбаев мандатын тапшырды. Бул тууралуу ал Facebook социалдык баракчасына жазып чыкты. 

Эске сала кетсек, эл өкүлү КСДП фракциясынан мандат алган. 

"Парламент – бул ар кандай интригалардын жана саясий оюндардын да чордону экенине дагы бир жолу ишендим. Анда көптөгөн кызыкчылыктар кесилишет. Ал эми карапайым элдин арасынан чыккан мен үчүн мунун баары кызыксыз. Мен үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун көңүл борборунда болуу да көнүмүш эмес", — деп жазган ал өз сөзүндө. 

Белгилей кетсек, Мээрбек Мискенбаев "Айкөл Ала-Тоо" кыймылынын төрагасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0