Элвира Сариева министрликтен эмнеге кеткенин түшүндүрдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБилим берүү жана илим экс-министри Элвира Сариеванын архивдик сүрөтү
Билим берүү жана илим экс-министри Элвира Сариеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү президент Сариеваны кызматтан бошотуу тууралуу Жарлыкка кол койду. Экс-министр эмне себептен ордун бошотконун жарыялады.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин милдетин аткарып келген Элвира Сариева кызматтан кетүүгө үй-бүлөлүк жагдайлар себеп болгонун Facebook тармагындагы баракчасына жазып чыкты. 

Кызматтан бошотуу боюнча Жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду

Сариева "кызмат орунду бошот деп" эч ким айтпагандыгын белгиледи. Ал мындай чечим кабыл алууга үй-бүлөлүк жагдайлар себеп болгонун жүйө келтирди. 

"Үй-бүлөм менен жакын туугандарым ушул күнгө чейин тирек болуп колдоп келишти. Бирок үй-бүлөлүк турмушта жаралган жагдайларга байланыштуу кызматтан баш тартууга туура келди", — деп белгиледи экс-министр. 

Ал ошондой эле айрым депутаттар анын кызматтан кете тургандыгын билгенден кийин "кресло" үчүн күрөштү баштап, министрликти негизсиз каралап жаткандыгын жазды. 

"Ошентсе да парламенттин бир бөлүгү биздин ишти колдоп келди. Айрым депутаттардын жеке талаптары аткарылбай калды. Ачуулары келсе өз иштери", — деп белгиледи Сариева. 

Ал ошондой эле убагында министрлик кызматка эмне себептен анын талапкерлиги колдоого алынганын түшүнгөнүн билдирди. 

Илмиянов Икрамжан Саттарович. - Sputnik Кыргызстан
Икрамжан Илмиянов кызматынан бошотулду
"Ушул системада иштеп жүргөн адам министр болуп келгенде биз кылган ишти аткара албаса керек. Себеби анын кесиптештерине кесепети тие турган чечимдерди кабыл алуу оорчулук жаратмак. Дал ошол себептен башка системада жүргөн адамды министр кылып дайындоону жетекчилик убагында туура көргөн окшойт. Билим берүү системасы жылбаган таш сыяктуу. Ошентсе да биргеликте оңолуу жолуна түшө алдык. Бул процесс узакка созулса да акыры ийгиликке жеткирет", — деп ишенет Сариева. 

Экс-министр өлкө жетекчилиги, кесиптештери жана партиялаштарына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, билим берүү системасындагы бир катар жетишкендиктер тууралуу маалымат берген. 

Шаршемби күнү парламенттик коалиция таркады. Буга КСДПнын коалициядан чыгып кетиши себеп болду. Буга байланыштуу премьер-министр баш болгон өкмөт отставкага кетти. Учурда өкмөт мүчөлөрү милдеттерин убактылуу аткарып жатат. 

Элвира Сариева Билим берүү жана илим министрлигин 2014-жылдын декабрь айынан тарта жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0