Сооронбай Жээнбеков Минскиге КМШнын саммитине катышуу үчүн учуп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр саммиттин алкагында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеши менен КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жыйынына катышат.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Минскиге иш сапары менен учуп кеткенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Өкмөт башчы бейшемби күнү Минскиге барып, эртеси Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеши менен КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жыйынына катышат. 

Визит заместителя Государственного секретаря США по политическим вопросам Томаса Шэннона в КР - Sputnik Кыргызстан
АКШ мамкатчысынын орун басары Кыргызстанга келди
Анда Евразия экономикалык биримдигинин курамындагы мамлекеттердин кызматташуусу боюнча актуалдуу маселелер талкууланат. 

Маалыматка ылайык, Жээнбеков эки тараптуу жолугушууларды дагы өткөрөт. 

Кыргызстандын делегациясынын курамында вице-премьер Олег Панкратов, транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров, мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, КРдин Белоруссиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана башкалар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0