Атамбаев өкмөттү таратуу жөнүндө Жарлыкка кол койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев ратифицировал договор о присоединении Кыргызстана к ЕАЭС
Атамбаев ратифицировал договор о присоединении Кыргызстана к ЕАЭС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн өкүлдөрү жаңылар келгенге чейин милдетин аткаруучу болуп иштейт.

БИШКЕК, 26-окт. —Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттү таратуу боюнча Жарлыкка кол койду. Бул боюнча өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, дүйшөмбү күнү КСДП фракциясы расмий түрдө коалициядан чыга тургандыгын билдирген. Аталган фракция көпчүлүк коалициядагы акаевчи, бакиевчи делгендер жана мародерчулукка шектелгендер менен бир боло албай тургандыгын айткан. Ал эми бүгүн Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалициясынын тараганы тууралуу расмий жарыяланды.

"Көпчүлүк коалициянын тарашынан улам өкмөттү отставкага кетти деп таануу тууралуу жарлыкка кол коюлду", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, өкмөттүн өкүлдөрү жаңылары дайындалганга чейин милдетин аткаруучу болуп иштеп турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0