ЖКда Баш мыйзамдын түп нускасы боюнча комиссия түзүү демилгеленди

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүV Московский Международный Открытый Книжный Фестиваль
V Московский Международный Открытый Книжный Фестиваль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттин шаршемби күнкү жыйынында референдум жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, Конституциянын түп нускасын издөө маселеси каралды. Маселе кызуу талкуудан кийин добуш берүүгө жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. Парламентте Баш мыйзамдын түп нускасы кайрадан издөөгө алынды. Күн тартиби боюнча талкууга алынып жаткан "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору каралып башталаары менен "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова түп нуска боюнча маселени көтөрдү.

"Өткөн аптада түп нусканын жок экенин аныктадык. Бүгүнкү күндө табылдыбы? Кайсыл Конституцияга өзгөртүү киргизебиз деп жатабыз. Маселени КСДП фракция мүчөлөрү көтөрүп чыктыңар эле. Эмне маселени башка бирөөлөргө оодаруу ою болду беле?", — деди Салянова.

Ал эми президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев КСДП баштаган маселени "Ата Мекен" бүтүрсө болоорун айтты.

"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев буга чейин тегерек столдо тиешелүү колдор коюлган Баш мыйзамдын түп нускасын көрсөтүп жатат. Ошол Баш мыйзамды берсин. Ошондо КСДП баштаган маселени "Ата Мекен" бүтүрсүн", — деди Абдылдаев.

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина аталган меселе боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөрүп, аны башка депутаттары колдоого алышты.

Первое заседание 6 созыва Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Кыйраган коалиция тууралуу ачуу кептер: Төрөбаев, Өмүркулов жана Исаев кайым айтышты
Кызуу талкуудан кийин "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эске сала кетсек, өткөн аптада парламентте Баш мыйзамдын түп нускасынын бар-жогу боюнча маселе көтөрүлүп, Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева менен президенттин ЖКдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев Баш мыйзамдын түп нускасы жок экенин билдиришкен. Кызыл чеке талаштан улам Молдакун Абдылдаев түп нуска президенттин аппаратында экенин айтып, болгону карандаш, калем сап менен оңдолгон жазуулары бар экенин тактаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0