ЖКнын тармактык комитети референдум жөнүндө демилгени үчүнчү окууда жактырды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЖогорку кеңеш. Архив
Жогорку кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мыйзам долбоору эртең, 26-ноябрь күнү парламенттин отурумунда үчүнчү окууда каралат.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. 

Мыйзам долбоору менен референдум өткөрүү практикасына жаӊы автоматташтырылган технологияларды киргизүү каралууда.

"Жарандардын биометрикалык маалыматтарын, референдумдун катышуучуларынын электрондук тизмесин колдонууну киргизүү сунушталып жатат. Мындай чаралар шайлоо учурунда жасалмалоо менен бузууларды болтурбоого мүмкүндүк берет", — деп жазылат маалыматта.

Аталган мыйзам долбоору эртең, 26-ноябрь күнү парламенттин отурумунда үчүнчү окууда каралат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0