Ысык-Көлдөгү мэрлер менен беш аким облус башчысынан кагуу жеди

© Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Иссык-Кульской областиӨкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаевдин катышуусунда 9 айдын жыйынтыгы боюнча координациялык кеңештин жыйыны болду
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаевдин катышуусунда 9 айдын жыйынтыгы боюнча координациялык кеңештин жыйыны болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облуста тогуз айда аткарылган иштер боюнча координациялык кеңештин жыйыны болду.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаевдин катышуусунда 9 айдын жыйынтыгы боюнча координациялык кеңештин жыйыны болду. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы балдар менен иштеген мамлекеттик органдардын ишин сындады
Чогулуштун жыйынтыгында 2015-2017-жылдары коррупциянын алдын алуу боюнча иш планды тийиштүү аткарбаганы үчүн беш райондун акими менен Каракол жана Балыкчы шаарларынын мэрлери эскертүү алышты.

Андан сырткары, Түп, Ысык-Көл райондорунун акимдерине аппарат жетекчилеринин коррупциянын алын алуу боюнча иштерди керектүү деңгээлде аткарбаганы үчүн жоопкерчилигин кароо тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0