КСДП: акаевчи, бакиевчи делгендер менен бир боло албайбыз

Жазылуу
КСДП фракциясы коалицияда карама-каршылыктар мурда эле башталганын айтып, ал тууралуу көп сөздөр жүрүп келгенин Өмүркулов кошумчалайт.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Мародерчулук такталганча акаевчи, бакиевчи делгендер менен бир боло албайбыз. Бул тууралуу КСДП фракциясынан билдиришти.

Ага ылайык, КСДП фракциясы 2015-жылы 2-ноябрда түзүлгөн парламенттик көпчүлүк коалициядан чыкканын жана жагдайдан улам саясий бирикменин ишмердиги токтогонун кабарлайт. 

"Коалицияда карама-каршылыктар мурда эле башталган. Жагдай баарына белгилүү эле жана ал тууралуу көп сөздөр жүрүп келди. Биз акаевдер жана бакиевдер менен жалпы кызыкчылыгы бар жана азыркыга чейин алардын көрсөтмөлөрүн аткарып жатышат деп айтылган адамдар менен бир коалицияда боло албайбыз", — деп айтылат маалыматта. 

Билдирүүдө мунун баары конституциялык реформанын жүрүшүндө ачык-айкын көрүнгөндүгү айтылат.

Жогорку кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы коалиция жана өкмөттүн тагдыры: эксперттер эмне дейт?
"Мурда айрым өнөктөрүбүздүн мародерлукка катыштыгы жок деп ишенгибиз келген. Бирок эми алардын дарегине эң жаман айыптоолор айтылып, фактылар менен күбөлөр улам көп чыккан сайын, алар териштирилип бүткүчө бир коалицияда болбой турууну туура таптык", — деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин көпчүлүк коалициясына КСДП, "Өнүгүү — Прогресс", "Кыргызстан", "Ата Мекен" фракциялары кирип, жакында эле лидери болуп Канат Исаев дайындалган. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бир канча ирет көз караштар дал келбесе, "Өнүгүү — Прогресс" менен "Ата Мекенди" коалициядан чыгып кетүүгө чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0