"Республика — Ата-Журт" жаңы коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүүгө даяр

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын желекчеси. Архив
Республика — Ата-Журт фракциясынын желекчеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин көпчүлүк коалициясына КСДП, "Өнүгүү — Прогресс", "Кыргызстан", "Ата Мекен" фракциялары кирип, жакында эле лидери болуп Канат Исаев дайындалган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" фракциясы жаңы коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүүгө даяр. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган фракциянын лидеринин орун басары Руслан Казакбаев билдирди. 

Эске сала кетсек, буга чейин депутаттар Дастан Бекешов менен Рыскелди Момбеков КСДП көпчүлүк коалициясынан чыкканын билдирсе, дагы бир өкүлү Анвар Артыков буга коалициянын ичиндеги пикир келишпестиктер себеп болгонун айткан

"Биздин фракциянын лидери Өмүрбек Бабанов буга чейин парламентте расмий түрдө позициябызды билдирген. Ошондуктан биз шайлоочулардын алдында берген убадаларыбызды ишке ашыруу үчүн көпчүлүк коалициясына кирүү боюнча сүйлөшүүгө даярбыз. Албетте эгер биздин шарттарга көнүшсө", — деди депутат.

Республика — Ата-Журт фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов: РАЖ коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүүгө даяр
Казакбаев РАЖ эч убакта көпчүлүк коалициясына кирүүгө жулунбай турганын кошумчалады. 

Эске сала кетсек, буга чейин көпчүлүк коалициясына КСДП, "Өнүгүү — Прогресс", "Кыргызстан", "Ата Мекен" фракциялары кирип, жакында эле лидери болуп Канат Исаев дайындалган. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бир канча ирет көз караштар дал келбесе, "Өнүгүү — Прогресс" менен "Ата Мекенди" коалициядан чыгып кетүүгө чакырган. 

"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов болсо, фракциясы жаңы коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0