Кыргызстанга Кытайдын өкмөт башчысы келет

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүКытайдын өкмөт башчысы Ли Кэцяндын архивдик сүрөтү
Кытайдын өкмөт башчысы Ли Кэцяндын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сапардын алкагында эки тараптуу кызматташуу талкууланып, андан сырткары бир катар документтерге кол коюлат.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстанга Кытайдын өкмөт башчысы Ли Кэцян 2-ноябрда расмий иш сапар менен келет. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Иш сапардын алкагында эки тараптуу кызматташуу талкууланып, андан сырткары бир катар документтерге кол коюлат",— деп айтылат билдирүүдө.

3-ноябрда Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны өтүп, анда аталган интеграциялык уюмдун алкагында кызматташууну бекемдөө жана кеңейтүү маселелери каралат.

КРдин өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков ШКУга мүчө өлкөлөрдүн премьерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0