КСДП Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынан чыгып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат шестого созыва ЖК Дастан Бекешев
Депутат шестого созыва ЖК Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов фракция көпчүлүк коалициянын курамынан чыкканын белгиледи.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. КСДП Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын курамынан чыгуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов билдирип, муну аталган фракциянын дагы бир өкүлү Рыскелди Момбеков тастыктады.

Депутаттардын айтымында, КСДП фракциясы мындай чечимди өз жыйынында кабыл алган. Эми мыйзам боюнча көпчүлүк коалиция тарайт, бул өз кезегинде өкмөттүн тарашын шарттайт.

Эске сала кетсек, буга чейин көпчүлүк коалициясына КСДП, "Өнүгүү — Прогресс", "Кыргызстан", "Ата Мекен" фракциялары кирип, жакында эле лидери болуп Канат Исаев дайындалган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0