КП: буга чейин Баш мыйзамды өзгөртүүгө болбойт деген чечим чыккан эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республики
Здание Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баш мыйзамды коргоо милдети жүктөлгөн Конституциялык палата 2014-жылы чыккан чечимде Конституцияны өзгөртүү тууралуу кеп болбогонун баса белгилейт.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жогорку соттун алдындагы Конституциялык палата Баш мыйзамды өзгөртүүгө болбойт деген чечим чыгарган эмес. Бул тууралуу аталган палатанын маалымат кызматы билдирди. 

Айрым ЖМКларда Конституциялык палата 2014-жылы Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт деген чечим чыгаргандыгы тууралуу маалымат тараган. 

"Конституциялык палатанын 2014-жылы кабыл алынган чечиминде Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбой тургандыгы тууралуу сөз болгон эмес. ЖМКларда тараган маалымат чындыкка коошпойт", — деп жазылат. 

Конституциялык палатанын 2014-жылы кабыл алынган чечими тууралуу расмий сайтынан constpalata.kg кенен таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0