Отун-энергетикалык тармагын тескеген агенттиктин жетекчиси сөгүш алды

© Фото / Пресс-служба правительства КРДиректор Государственного агентства по регулированию топливно-энергетического комплекса Таалайбек Нурбашев
Директор Государственного агентства по регулированию топливно-энергетического комплекса Таалайбек Нурбашев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурбашев өкмөттүн койгон тапшырмаларын аткарбаганы үчүн сөгүш алган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Таалайбек Нурбашевге сөгүш берди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нурбашев өкмөттүн койгон тапшырмаларын аткарбаганы үчүн сөгүш алган.

Андан сырткары мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна "Улуттук энергетикалык Холдинг компаниясы" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевдин дисциплинардык жоопкерлигин кароо тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0