Акыйкатчы балдар менен иштеген мамлекеттик органдардын ишин сындады

© Sputnik / Табылды КадырбековАкыйкатчы Кубат Оторбаевдин архивдик сүрөтү
Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы укук коргоочунун пикиринде өкмөттүн шалаакылыгынан жаштар сексуалдык зомбулукка тушугуп жатат.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы туруу комитетинин жыйынында акыйкатчы Кубат Оторбаев өкмөт жаштар менен иш жакшыртышы керектигин айтты.

Анын айтымында, мамлекеттик органдардын бири-бири менен болгон жумушу ыраатка келтирилбегендиктен, сексуалдык зомбулук жана башка социалдык кыйынчылыктар жаралып келет.

"Кыргызстанда жыл сайын 100гө жакын бала өз өмүрүнө кол салат. Андан ашуун балдар менен кыздар сексуалдык зомбулукка кабылат", — деди Оторбаев. 

Акыйкатчы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын алдындагы өспүрүмдөр менен иш алып барган комиссия иштебей турганын айтты. Анын билдирүүсү боюнча былтыр Акыйкатчы институту Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында мониторинг жүргүзүп, анын натыйжасында жергиликтүү бийлик башчыларына бир катар эскертүүлөр берилген.

"Бул комиссиялардын чабал ишинен улам интернаттын жана аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары эшикте калып, сабалып жана сексуалдык зомбулукка туш болуп жатышат", — деди Оторбаев.

Акыйкатчы өкмөт балдар үйүнөн тарбияланып чыккан жаштарды жумуш менен камсыздалышына жардам бербей жатканын белгилеп, аталган көйгөйгө көңүл бурууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0