Президент баш прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-октябрда башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-октябрда башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Башкы прокуратурага укук бузууларды алдын алууну күчөтүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-октябрда башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Антониу Гутеррешти БУУнун Башкы катчылыгына шайланышы менен куттуктады
Жолугушууда президент мамлекеттик бийлик органдары жана укук коргоо түзүмдөрү тарабынан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралу маалыматты укту.

Жолдубаева көзөмөл органынын коррупцияга каршы ишмердигин жандантуу жана ишкерлердин укуктарын коргоо жаатында прокуратура органдарынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди. 

Өлкө башчы Башкы прокуратурага укук бузууларды алдын алууну күчөтүүнү, коррупцияны, анын ичинде күч түзүмдөрүндө алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча таасирдүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0