Атамбаев: аскер жетекчилери коррупция менен жигердүү күрөшүүсү керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принял начальника Генерального штаба Вооруженных Сил Раимберди Дуйшенбиева
Президент Алмазбек Атамбаев принял начальника Генерального штаба Вооруженных Сил Раимберди Дуйшенбиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент ошондой эле өлкөдө күжүрмөн, азыркы чакырыктар менен коркунучтарга татыктуу жооп бере ала турган Куралдуу күчтөрдү тезирээк түзүүнүн зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бүгүн, 17-октябрь күнү президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат кызматы билдирди.

Визит министра продовольствия и сельского хозяйства Германии Кристиана Шмидта в КР - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Германия министри менен айыл чарбасы боюнча кызматташууну талкуулады
Жолугушууда президент Куралдуу күчтөрдү чыңдоо жана мындан ары өнүктүрүү үчүн жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде өлкө коргонуусун камсыз кылган мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү системасын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат алды.

Атамбаев аскер кызматкерлерине камкордук, Куралдуу күчтөрдү модернизациялоо жана кайра куралдандыруу мамлекеттин башкы артыкчылыктарынын бири экенин баса белгиледи. 

"Ошондуктан аскер жетекчилери, бардык аскер кызматчылары аскердик тартипти чыңдоо, өз катарын тазалоо жана Куралдуу күчтөрдөгү коррупцияны жоюу боюнча активдүү иш алып барууга тийиш", — деди мамлекет башчысы.

Президент ошондой эле өлкөдө күжүрмөн, азыркы чакырыктар менен коркунучтарга татыктуу жооп бере ала турган Куралдуу күчтөрдү тезирээк түзүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0