Бишкек Минскиден Бакиевди Белоруссиянын түрмөсүнө отургузууну өтүндү

© Фото / Нина ГоршковаАпрель окуяларындагы качкын президент Курманбек Бакиевдин айрылган портрети
Апрель окуяларындагы качкын президент Курманбек Бакиевдин айрылган портрети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курманбек Бакиев Белоруссиянын жарандыгын алгандыктан, Кыргызстанда чыгарылган өкүмдү аталган мамлекеттин аймагында жүзөгө ашыруу талабы айтылды.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстан Белоруссиядан Курманбек Бакиевди түрмөгө отургузууну сунуштады. Бул туурасында Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова Жогорку Кеңеште айтты.

Beechcraft SuperKingAir-350 учагынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Бакиевдин учагын сатуудан түшкөн 3 млн доллар кайда жумшалганын айтып беришти
Анын айтымында, КМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлорунун коорданициялык кеңешинин алкагында эки өлкөнүн көзөмөл органын жетекчилери да жолуккан.

Анда Белоруссиянын башкы прокуроруна үч адамды Кыргызстанга кайтаруу боюнча документтер тапшырылган. Андан сырткары, 7-апрель боюнча соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген. Учурда аталган документтер белоруссиялык тараптын кароосунда тургандыгы айтылды.

"Минск буга чейин Бакиев Белоруссия жарандыгын алгандыгы боюнча маалымат берген. Мындан улам биз соттун өкүмүн аталган мамлекеттин аймагында ишке ашырууну өтүндүк. Мындай шарт конвенцияда каралган. Ал эми Жаныбек Бакиев менен Марат Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу боюнча сунуш жөнөттүк", — деди Усманова.

2010-жылдагы кандуу окуяларда Бакиевдер күнөөлүү деп табылып, алар Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендиктен сыртынан соттолгон

Жаңылыктар түрмөгү
0