БУУ Варшавада Кадыржан Батыровго катарлаш отурган укук коргоочуларды жактап чыкты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүБУУнун желги. Архив
БУУнун желги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров 20-сентябрда Варшавада ЕККУнун жыйынында сүйлөгөнү кыргыз бийлиги менен коомчулуктун кыжырын кайнаткан. Батыров менен бир катарда укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Толекан Исмаилова отурган.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы Варшавада ЕККУнун жыйынында Кыргызстанга карата көп сөз айткан Кадыржан Батыровго катарлаш отурган укук коргоочулардын таламын талашып чыкты.

Кадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
КР БУУ жыйынында Батыровдун баш калка алышына нааразылыгын билдирди
Аталган уюмдун шаршемби күнү тараткан маалыматында кыргызстандык укук коргоочулар өлкөнүн аймактарында "бутага алынып" жатат деп айтылган.

Башкармалык Варшавада өткөн жыйынга укук коргоочулар кантип катышкандыгын эске слаган.

Кыргыз коомунун нааразычылыгын жараткан көрүнүш — укук коргоочулардын сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровдун жанында отурганы болгон. Аны Европанын бир катар өлкөлөрү саясий качкын катары тааныган. Бул окуядан кийин кыргыз парламентинин өкүлдөрү да укук коргоочуларга карата тиешелүү чара көрүү маселесин көтөрүп чыккан. 

"Бул чатак расмий тараптардын аталган укук коргоочуларды бир нече ирет сындаганынан кийин келип чыкты. Айтылган сөздөрдө алар чет элдик финансылоонун каражаты катары каралган. Укук коргоочуларга карата өлкөгө кооптуулук жараткан саясий максаттарды көздөйт деп айтылган",— деген билдирүү таратты БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы.

БУУнун адам укуктары боюнча кеңсеси "Кыргызстандагы укук коргоочуларга карата опузалоолор көп болуп жаткандыгына" тынчсыздангандыгын билдирген. 

"Тагыраагы өткөн жылы мамлекеттик органдар тарабынан укук коргоочулар жана алардын ишмердүүлүгүнө бир нече ирет терс маанайдагы билдирүүлөр жасалгандыгын белгиленди. Бул кооптонууну пайда кылат", — деп айтылган таратылган маалыматта.

Уюм өлкө бийлигин БУУнун ратификацияланган декларация шарттарын сактоого чакырды.

"Кыргызстандын бийлиги укук коргоочуларды, ассоциацияларды, алардын эркин көз карашка, тынч чогулуштарга болгон укугун коргоого милдеттүү. Мунун баары БУУнун Кыргызстан 1994-жылы ратификациялаган декларациясында жазылган", — деди БУУнун жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы адам укугу боюнча өкүлү Ришард Коменда.

Ал өлкө бийлигин "укук коргоочулардын укугун жана коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө чакырды".

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Президенттин аппараты: Атамбаев Батыров менен Отунбаеванын суранычы боюнча жолуккан
Эскерте кетсек, 20-сентябрда ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросунун жыйынында Кадыржан Батыров сөз сүйлөп, Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы экенин айткан. Мындан тышкары, 2010-жылы анын өлкөдөн чыгып кетиши боюнча жаңы кылмыш ишинин козголушуна нааразычылык билдирип, буга бир катар атка минерлердин тиешеси бар экенин белгилеген.

Буга карата кескин сын менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынында сөз сүйлөгөн. Мындан тышкары, ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин макамын өзгөртүү пландалууда

Батыров 2010-жылдын июнь окуяларында улуттар аралык мамилеге от салганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылып, учурда издөөгө алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0