Депутаттар өкмөттүн ЖКдагы өкүлү Темирбаевди жерип жатышат

Жазылуу
Депутаттар өкмөттүн өкүлү өзүнүн милдетин так аткарбай жатат деген пикирде.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Депутаттар өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаевди ээлеген ордуна татыктуубу деген маселени күн тартибине киргизүүнү сунушташты.

Өкмөт үйү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш референдум жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускулов өкмөттүн өкүлү Жогорку Кеңеште айтылган айрым сунуштарды тийиштүү жактарга жеткирем дегени менен иш жүзүндө эч нерсе жасалбайт деген пикирин билдирди.

Бул маселени 4-5 депутат дагы колдоду.

Темирбаевдин таламын КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов талашып чыкты. Анын айтымында, Темирбаев өкмөттүн өкүлү болуп көп жылдан бери иштеген тажрыйбалуу адис. Мындан улам Өмүркулов аталган маселени күн тартибине киргизүүнүн зарылдыгы жок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0