Гезиттеги кеп. Эки Өмүрбекке арачы болгон Кулов, элчи болчу Коёналиев

© Фото / Расул УсеналиевТүркиядагы КР өкүлү Ибрагим Жунусов тууралуу макала, гезит бетинен тартылган сүрөт
Түркиядагы КР өкүлү Ибрагим Жунусов тууралуу макала, гезит бетинен тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерге абай салып, жума сайын гезит-журналдарды барактайбыз. Айың кептер тууралуу каармандар же алардын жакындары эмне дейт.

Өмүрбектерге арачы болгон Кулов

"Жаңы Ордо" гезити 7-октябрда чыккан санында Феликс Кулов Өмүрбек Текебаевдин сунушу менен Өмүрбек Абдрахмановго барып "Текебаевге эки айдай асылбай турчу" деп салам дубай айтканын жазып чыкты.

"…Демократ Өмүкенин оозун жабыш үчүн аксакал деп Феликс Куловду "жуучулукка" жөнөтөптүр. Кулов демократ Өмүкеге барып "Айланайын Өмүке, мени берки Өмүке сага атайын жөнөттү. Ушул эки ай мага асылбай туруп турсунчу. Атамбаев менен ары же бери болуп алайын" деп салам дубайын айтса, демократ неме шарт эле "Атамбаев менен алышса, алыша берсин. Менин кандай тиешем бар. Мен чындыкты айтып жатам да. Өмүкеңдин Атамбаев кол алдындагы адамдардан жер сатып алганы боюнча көтөрүп чыккан маселесин мен деле колдойм. Башка нерселерин көрүп, билип туруп деле унчукпай олтура беремби?" — деп суроосуна суроо менен жооп кайтарыптыр", — деп жазат аталган гезит.

Феликс Кулов айтылгандар чындыкка коошпой турганын, ал Текебаев менен жолугуп таптакыр башка маселелер боюнча сүйлөшкөнүн айтты.

Жогорку кеңештеги депутаттын жумуш орду, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кресло, намазкана жана компьютер: Жогорку Кеңеш кандай белектерди алган?
"Мен бул тема боюнча Текебаев менен да, Абдрахманов менен да сүйлөшкөн жокмун. Текебаев менен жолугуп таптакыр башка маселе боюнча баарлашкам. Азыр президент экөө бири-бирине карата компраматтарды чыгарып жатпайбы. Бул сага эмне үчүн керек, дагы кандай кадамдарга барасың деп сурап кызыктым. Бул биринчи маселе болчу. Экинчи маселе — "сен ушундай жолго барып жаткандан кийин кадамың эки кишинин мамилесинин нугунан чыкпай, коомго эч кандай таасир бербеши керек" дедим. Текебаев депутат, жаран катары эгер кемчиликтер болсо аларды айта турганын билдирди. Ошондой эле Конституциянын айланасында болуп жаткан маселе тууралуу сүйлөштүк", — дейт ал.

АКШнын таламын талашкан укук коргоочу

"Майдан.kg" гезити 5-октябрда чыккан санында укук коргоочу Нурбек Токтакуновду АКШнын тымызын заказдарын аткарып келүүдө деп жазды.

Кадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
КР БУУ жыйынында Батыровдун баш калка алышына нааразылыгын билдирди
"Нурбек Токтакунов Кыргызстандагы АКШнын мурдагы элчиси менен тымызын жолугушуп жүргөнү, алардын заказын аткарып келгени маалым…", — деп жазды.

Нурбек Токтакунов бир гана АКШ эмес, башка мамлекеттердин элчилери менен деле жолугуп келгенин айтат.

"Мен башка мамлекеттердин элчилери менен деле жолугушуп турам. Анын баары ачык-айкын эле өтөт. АКШнын гранттары, башка мамлекеттин таламын талашат деген кептер буга чейин деле айтылып келген. Андыктан ал жаңылык деле эмес", — дейт Токтакунов.

Туруспек Коёналиев Германияга элчи болот

"De-Facto" гезити 6-октябрда чыккан санында жакын арада чет жактагы бир катар элчилер алмашарын жазып чыкты. Алардын катарында Түркия менен Германиядагы элчилер бар.

"…Ушу тапта тар чөйрөдө бир катар элчилерибиз жаңыларына алмаштырылары айтылууда. Мисалы, Түркиядагы өкүлүбүз Ибрагим Жунусов кызматынан бошой турганы тууралуу кеп тарады. Ошондой эле президенттин иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коёналиев Германияга элчи болуп кетери каңкууланды", — деп жазат аталган басылма.

Туруспек Коёналиев мындай кабарды өзү укпаганын айтты.

"Мен аны укпаптырмын. Андай сөз жок", — дейт Коёналиев.

Ал ошондой эле бул жөн эле айтылган кеп болсо керек деп кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0