Президент Антикоррупциялык кызматынын директору менен ӨКМ башчысын кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы калкты, инфраструктура объектилерин, аймактарды чукул кырдаалдардан коргоо чараларын мындан ары өркүндөтүүнүн маанисин баса белгиледи.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-октябрь күнү өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алганын өлкөнүн маалымат кызматы билдирди.

КР президенти Алмазбек Атамбаев менен Тажикстандын лидери Эмомали Рахмондун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев тажик президенти Рахмонду 64 жашка чыгышы менен куттуктады
Жолугушууда мамлекет башчысы калкты мүмкүн болуучу ар кандай чукул кырдаалдардан алдын ала коргоо чаралары, өлкөдө ар кандай тобокелдиктерди болушунча азайтуу, өлкөнүн мамлекеттик башкаруу тутумундагы коррупциялык кылмыштардын алдын алуу, аларды ачыктоо жана иликтөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги багыттары жөнүндө маалымат алды. 

Боронов Кризистик кырдаалдарды тескөө борборун ачуу тууралу айтып берди. Бул борбор маалыматтарды иштеп чыгуунун жана чукул кырдаалдар жаралган учурда тез жооп бере турган кызматтар менен мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин мындан ары координациялоонун бирдиктүү борбору болуп калмакчы

Өлкө башчы калкты, инфраструктура объектилерин, аймактарды чукул кырдаалдардан коргоо чараларын мындан ары өркүндөтүүнүн маанисин баса белгиледи. Мындан тышкары, антикоррупциялык чараларды жакшыртуунун жана коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу үчүн алдын алуу иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0