УКМК төрагасы Атамбаевге коопсуздукка каршы чаралар боюнча маалымат берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабылуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабылуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент террорчулук, диний экстремизм жана башка кылмыштар менен күрөштүн майнаптуулугун арттыруу боюнча чараларды көрүүнү талап кылган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, коопсуздук жана террорчулукка каршы күрөшүү маселесин талкуулады.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев жумушка чыгып, адегенде эле Коргоо кеңешинин катчысын кабыл алды
Мамлекет башчысы УКМК жетекчисинен мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жана терроризмге каршы күрөштү мындан ары жакшыртуу боюнча иштин артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат алган.

Атамбаев учурдагы коркунучтар коопсуздук органдарынан террорчулук, диний экстремизм жана башка кылмыштар менен күрөштүн майнаптуулугун арттыруу боюнча чараларды көрүүнү талап кылган.

Бүгүн Атамбаев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алып, өлкөдөгү коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу кабардар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0