Акыркы алты жылда "дүң" эткен соттук териштирүүлөр

© AFP / DAMIEN MEYER Сот таразасы, архивдик сүрөт
Сот таразасы, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
СССРдин кулашы менен алакандай өлкө капиталисттик түзүлүштү тандап, демократияга бет алган. 2002-2005-2010-жылдагы митингдер, жыл сайын өтүп жаткан нааразычылык акциялар, өлкөдөгү сөз эркиндиги жана чуулгандуу сот иштери демократияга өзгөчө боек берип турат.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik, Исмаил Мамытов. Бүгүн Чүй облустук соту улуттар аралык жаңжалды козуткан деп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишин карап жатат. Сот процесси Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын Күзөт департаментинин имаратында болууда.

Чүй облустук соту өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишин карап жатат. - Sputnik Кыргызстан
Азимжан Аскаров сотто күбөлөрдү кайра сурап чыгууну талап кылууда
Эске сала кетсек, Кыргызстандын жараны Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катышканы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топко түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен.

2016-жылдын 21-апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин эксперттеринин доклады жарыяланып, анда "Аскаров мыйзамсыз жана адам чыдагыс абалда кармалып турат, андан сырткары уруп-согууга да кабылган" деп жазылган. Ушундан улам БУУнун эксперттери Аскаровду бошотуу талабын коюшкан.

Ушундан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги акыркы алты жылдагы "дүң" эткен соттук териштирүүлөрдү тизмектеп көрүүнү туура көрдү.

Апрель революциясынын алты жылга созулган иши

2010-жылдын 7-апрели тарыхта кандуу күн катары калары бышык. Ажалга тике караган, эр көкүрөк азаматтардын арты менен коррупцияга беш колун малып алган Бакиевдик режим кулады. Анткен менен беш жыл ичинде тамыры терең сиңген режимди кулатуу үчүн 123 адамдын (87 адам ошол күнү, 36 киши калган жылдары жаракатынан улам) өмүрү керектелди.

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев
Митинг сторонников президента Киргизии Курманбека Бакиева - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев

Албетте андан соң эки күндө бир нааразычылык акциялар уюштурулуп, шектүүлөрдү камоо башталды. Ал ортодо үлгүргөндөр куйругун түйгөнгө жетишти. Ошентип колго түшкөндөр, өлкөдөн кача албай калгандар үстүнөн башталган сот алты жылга созулуп, эгемендүү өлкөдөгү эң узак териштирүү болуп калды. Башкысы күнөөлүү делгендердин сыртынан болсо да өкүм чыгарылды. Жогорку соттун акыркы чечимине ылайык, Курманбек Бакиев 30 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Жаныш Бакиев менен Данияр Үсөновду өмүр бою абакка кесилди. Мындан сырткары Элмурза Сатыбалдиев, Каныбек Жороев, Нурлан Турсункулов сыяктуу тиешелүү адамдар жоопко тартылды. 

© Sputnik / Эркин АлымбековПрезиденттик аппараттын мурунку жетекчиси Данияр Нарынбаев
Подсудимый Нарымбаев обвинил депутата Коркмазова во лжи - Sputnik Кыргызстан
Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Данияр Нарынбаев

Нарынбаев жана Коркмазовдун соту

Бийликтин эң чоң эшалонундагы коррупциянын ачыкталышы коомчулукту заматта дүрбөтүп, шектүү катары ЖКнын ошондогу депутаты Хажимурат Коркмазов менен ошол кезде президенттин аппаратын жетектеп турган Данияр Нарынбаев кармалган. Соттук териштирүүлөр башталары менен экөөнүн эки ача кетиши окуяны курчутуп, териштирүүлөрдү создуктурган. Он айга созулган чырга Бишкек шаардык соту чекит коюп, Нарымбаев үч жылга, Коркмазов 1,5 жылга эркинен ажыратылган. Коркмазов 10 айдан бери убактылуу кармоочу жайда отургандыктан, жаза мөөнөтү бүттү деп эркиндикке чыккан

© Sputnik / Эркин АлымбековЭкс-депутат Хажимурат Коркмазов
Депутат Коркмазов заявил на суде, что Нарымбаев давит на него - Sputnik Кыргызстан
Экс-депутат Хажимурат Коркмазов

Экс-мэр Нариман Түлеевдин иши 

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Нариман Түлеев 2012-жылы буга чейин мэрлик кызматты аркалап турган учурунда коррупцияга барган деп шектелип кармалган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин экс-мэри Нариман Түлеев
Пресс-конференция Наримана Тюлеева - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев

Ага карата 2008-жылы Кытайдан жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда жана 200 миллион сомдук муниципалдык облигацияларды чыгарууда мыйзамсыз аракеттерге барганы үчүн кылмыш иши козголгон. 2013-жылы Ленин райондук соту аны мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык соту мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Бир жылдан кийин Жогорку соттун коллегиясы да эки соттун өкүмүн туура деп тапкан. Анткен менен экс-мэр мунапыска дал келип, мамлекеттик казынага 60 миллион сом төлөө менен 2016-жылдын 7-майында эркиндикке чыккан

© Sputnik / Эркин АлымбековЭкс-спикер Ахматбек Келдибеков
Ахматбек Кельдибеков оправдан судом по статье Коррупция - Sputnik Кыргызстан
Экс-спикер Ахматбек Келдибеков

Экс-спикер Ахмадбек Келдибековдун соту

Ахматбек Келдибеков 2002-2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда жана 2008-2009-жылдары Салык кызматын башкарган убагында коррупцияга барган жана ЖКнын спикери кезинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип, 2013-жылы камакка алынган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Келдибековду коррупция беренеси боюнча актап, ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу боюнча үч миллион сом айып пул салган. Бишкек шаардык соту айыпты 10 миллионго көтөрүү менен маселеге чекит койгон.

© Sputnik / Табылды КадырбековМурунку депутат Камчыбек Ташиев
Мурунку депутат Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан
1/3
Мурунку депутат Камчыбек Ташиев
© Фото / пресс-служба ЖК КРЭкс-депутат Садыр Жапаров
Экс-депутат Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
2/3
Экс-депутат Садыр Жапаров
© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Талант Мамытов
ЖК депутаты Талант Мамытов - Sputnik Кыргызстан
3/3
ЖК депутаты Талант Мамытов
1/3
Мурунку депутат Камчыбек Ташиев
2/3
Экс-депутат Садыр Жапаров
3/3
ЖК депутаты Талант Мамытов

Ташиев, Мамытов менен Жапаровдун соту

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдор 2012-жылы мамлекеттик түзүлүштү кулатуу ниети менен өкмөт үйүн басып алууга аракеттенишкен деп айыпталып (ак үйдүн тосмосунан ашканда), Биринчи май райондук соту үчөөнү бир жылдан 1,5 жылга чейин эркинен ажыраткан. Бирок шаардык сот актай коюп, ошол кездеги фемида өкүлдөрү Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев креслодон кол жууган. Ал эми Жогорку сот экс-депутаттарды күнөөлүү деп таап, 1 жыл 5 айга кескен. Былтыр парламенттик шайлоо алдында Ташиев менен Мамытов акталып чыккан.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков№50 абактан кылмышкерлердин качышы боюнча соттук отурум
Суд по делам сбежавшим заключенным из СИЗО №50 - Sputnik Кыргызстан
№50 абактан кылмышкерлердин качышы боюнча соттук отурум

№50 тергөө абагынан качып кеткен кылмышкерлердин соту

Өткөн жылдын 11-октябрында №50 тергөө абагынан тогуз киши качып чыгып, түрмөнүн үч кызматкерин өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылышкан. Кийин ал ооруканада көз жумган. Күч түзүмдөрү тарабынын "Перехват" операциясы жарыяланып, анын натыйжасында бешөө кармалып, калган төртөө издөөгө алынган. Натыйжада үчөө жок кылынып, бирөө абакка кайтарылган. Алардын көбү тыюу салынган "Жайшуль-Махди" уюмунун мүчөлөрү болчу. Аталган кылмыш иши боюнча кармалгандар жана качууга көмөктөшкөндөр үстүнөн соттук териштирүүлөр уланууда.

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат Жыргалбек Саматов
Депутат ЖК Жыргалбек Саматов - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жыргалбек Саматов

Мандатка байланыштуу соттор

Өткөн жылы парламенттик шайлоо соттук териштирүүлөр менен көпчүлүктүн эсинде калды. "Республика-Ата-Журт" фракциясы шайлоого чейин түзүлгөн келишимдердин арты менен айрымдардын ээрден шыпырган. Анткен менен депутат Аида Исмаилова менен Жыргалбек Саматов соттун чечимине таянып мандатын коргоп калышкан эле. Бирок Саматовдун Россиялык жарандыгы бар экени далилденип, мандаттан кол жууган. Ал эми "Кыргызстан" фракциясы да бир канча депутатты соттун чечими менен парламенттен четтеткен. 

Тыңчылыкка айыпталган Муралиев

Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдун уулу Алтынбек Муралиев 22 жылга эркинен ажыратылган. Биринчи Май райондук соту алгач 12 жылга кессе, шаардык сот жазаны 22 жылга деп узарткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0