Атамбаев Башкы штабдын башчысы Дүйшөнбиевди кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев бүгүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, мамлекеттик чек араны коргоону күчөтүү иш-чаралары тууралуу маалымат алды.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алып, КР куралдуу күчтөрүнүн аскерий жөндөмүн арттыруу зарылдыгын баса белгиледи. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Жолугушууда Атамбаев өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн андан ары өнүктүрүү жана чыңдоо, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана мамлекеттик чек араны коргоону күчөтүү иш чаралары тууралуу маалымат алды", — деп айтылат таратылган кабарда.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев жумушка чыгып, адегенде эле Коргоо кеңешинин катчысын кабыл алды
Президент менен Дүйшөнбиев аскердик башкаруунун борбордук органынын ишмердигинин ар кайсы маселелерин, анын ичинде өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн азыркы талаптарга жооп бере турган түзүмдөрүн түзүүгө байланышкан маселелерди талкуулаган.

Президент мамлекеттин сырткы чектерин бекемдөө, коргоо жөндөмдүүлүгүн күчөтүү боюнча коюлган милдеттерди натыйжалуу чечүү үчүн Куралдуу күчтөрдүн аскерий жөндөмүн, мобилдүүлүгүн мындан ары да арттыруу зарылдыгын баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0