Сот Рита Карасартованын арызын кароодон баш тартты

CC0 / Joe Gratz / Courtroom One GavelСот балкасы, архивдик сүрөт
Сот балкасы, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук активист Рита Карасартова Жогорку Кеңештин комитетинин Конституцияны өзгөртүү тууралуу референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу кабыл алган чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко арыз жазган.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык райондор аралык соту Рита Карасартованын арызын кабыл алуудан баш тартты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине коомдук активист өзү билдирди. 

Эске сала кетсек, Карасартова Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин Конституцияны өзгөртүү тууралуу референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу кабыл алган чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко арыз жазган

"Тилекке каршы, 3-октярбда сот менин арызымды кабыл албагандыгын кабарлады. Негиз катары ЖКнын комитетинин чечими укуктук ченемдик акт болбойт дешүүдө. Мыйзам боюнча укуктук ченемдик актыларды гана карашат", — деди Карасартова. 

Ал аталган маселе боюнча Бишкек шаардык сотуна арыз жазарын кошумчалады. 

Эске сала кетсек, ЖКнын тармактык комитети аталган мыйзамды карап, маселе парламентке чыккан. Референдум өткөрүү үчүн 94 депутат добуш берип, демилге биринчи окууда жактырылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0