Гезиттеги кеп: Атамбаев менен Текебаевди элдештирчү Акун, депутат болчу Рысалиев

© Sputnik / Расул УсеналиевГезит бетинен тартылган сүрөт
Гезит бетинен тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерге абай салып, жума сайын гезит-журналдарды барактайбыз. Айың кептер тууралуу каармандар же алардын жакындары эмне дейт.

Зарылбек Рысалиев депутат болот дейт го…

"Ачык саясат" гезити 30-сентябрда чыккан санында мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин депутат болуп келишине бут тосуулар болуп жаткан сыяктуу деп жазды.

"…Негизи бул киши тизме боюнча да, добуш алган боюнча да "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат болуп келиши керек эле. Тилекке каршы, бут тосуулар болуп жатабы же дагы башка себептери барбы, айтор, Бабанов унчукпай жаткандай. Эгер ЖКга Зарылбек мырза келип калса, парламентти шаңга бөлөчүдөй…", — деп жазат аталган гезит. 

Рысалиев мындай маалымат кайдан чыкканын билбей турганын белгиледи.

"Мага эч ким эч нерсе деп сунуш да кылган жок. Азыр "Республика — Ата-Журт" фракциясынан Жогорку Кеңеште 28 депутат болушу керек болсо, алардын баары азыр ордунда иштеп жатат. Азыркы саясий абал бардыгына дайын. Мен азыр Жогорку Кеңешке барууга ниетим жок", — деди экс-министр. 

Рысалиев аталган партиянын тизмесине 66чы болуп катталганын кошумчалады.

Турсунбек Акун Икрамжан Илмияновду сөзгө тартып…

"Азия Ньюс" гезити 29-сентябрда чыккан санында укук коргоочу Турсунбек Акун ажонун кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен жолугуптур деп жазды.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Премьер материалдык резервдер фондусунун жетекчисине сөгүш берди
"Ызы-чуулу жерге бара калып, "жеңе" сымал ортомчулукту аркалаганга маш укук коргоочу Турсунбек Акун жакында ак үйдүн 7-кабатына көтөрүлүп, ажонун кеңешчиси Икрамжан Илмияновно кирип чыгат. Тукең кырдаалдын курчуп баратканын президенттин көздөй адамына эскертсе, Илмияновдун кабагы бүркөө тарта "эгер референдум биз каалагандай өтпөй, эл Текебаев тарапка ооп кетсе, анда биз ордубузду бошотуп, кете беребиз" таризинде кеп айтканы чынбы? А мындай кабарды жерге калтырбай Турсунбек Акун ыңгайы келген жерден жайып жүрөт…", — деп жазат аталган гезит.

Турсунбек Акун Конституцияны өзгөртүү боюнча көтөрүлүп жаткан демилге боюнча бир гана Илмияновго эмес, Иса Өмүркуловго, Өмүрбек Текебаевге дагы жолукканын айтты.

"Конституция менен ойногон болбойт. Ал азыр уктап жаткан арстан сыяктуу. Кокус чочутуп жиберсек, ойго келбеген нерселер болуп кетиши мүмкүн. Анан да Баш мыйзамды бетке кармап эле Текебаевге "Атамбаев менен алышпа" деп да айттым. Булар деген эл жакшылары да. Алар тигинтип тытышып жатса, аларды көргөн башкалар эмне болот", — дейт Акун.

Президент менен соодалашам деген Бакыт Төрөбаев

"Ачык саясат" гезити 30-сентябрда чыккан санында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү маселесинде башында биринчилерден болуп турган "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев соодалашууга өткөнүн жазды.

Последнее заседание Жогорку Кенеш V созыва - Sputnik Кыргызстан
ЖК, талкуу, тантык тил. Конституцияны өзгөртүү сунушу депутаттарды чабыштырды
"…мыйзам долбооруна добуш берерде Төрөбаев артка кетенчиктеп, макул эместигин билдирип чыкты. Муну менен ал саясий оюн жасады. Президент Атамбаев карышкырга кой кайтарткандай эле болду окшойт. Кыскасы Төрөбаевдин бул кадамынан кийин көптөрү таң калып, ооздору ачылып калды десек болот. Баамыбызда Төрөбаев "президенттин өзүнө жолуктургула, сүйлөшчү сөздөр бар" деп жатыптыр. Демек Атамбаевге жолугуп соодалашып чыккандан кийин макул деген добушун берип калса таң калбагыла", — деп жазат аталган гезит.

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын маалымат катчысы Наргиза Мансурова бул жерде эч кандай соодалашуу жок экенин айтып, учурда фракция лидери чет жакта экенин кошумчалады.

"Бул эч кандай соодалашуу эмес. Фракция сунушталып жаткан өзгөртүүдөгү 29 берененин 26сы менен макул болду. Ал жакта үч берене калды. Бул боюнча азыр бир пикир жок. Буюрса президент менен жолугуп кеңешкенден кийин так жыйынтыкты айтабыз деп жатат. Андыктан муну соодалашуу деп айтуу туура эмес", — деди Мансурова.

Жаңылыктар түрмөгү
0