Премьер материалдык резервдер фондусунун жетекчисине сөгүш берди

Жазылуу
Депутат Турускулов аталган фонду эскирип кеткен унду сатып жаткандыгын, эгерде өкмөт чара көрбөсө колунда болгон фактыларды элге жарыяларын билдирген.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун төрагасы Жоомартбек Жумабековго сөгүш жарыялады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен өзүнө тагылган кызматтык милдетин тиешелүү талапка ылайык аткарбагандыгы үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун төрагасы Жоомартбек Жумабековго сөгүш жарыяланды",— деп айтылат маалыматта.

Буга чейин депутат Жыргалбек Турускулов өткөн аптада бул аталган фонду боюнча кеп козгогон.

"Аткаруу бийлиги мен айткан маселе боюнча эч кандай конкреттүү чара көргөн жок", — деп айткан депутат.

Ал Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу сактоо мөөнөтү өтүп, эскирип кеткен унду сатып жаткандыгын айтып, эгерде дагы деле тоготпостук болсо, колунда болгон фактыларды элге жарыяларын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0