Иманалиев: атка минерлерди мамлекеттик сырды сактоо курсунан өткөрүш керек

© Фото / пресс-служба ЖКМекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевдин архивдик сүрөтү
Мекен фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты маселе чечилбесе, кыргыз элинин келечегине кедергиси тиет деген ойдо.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев мамлекеттик кызматкерлерди өлкө сырын сактоо боюнча атайын окутуу керектигин парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда айтып чыкты. 

Анын айтымында, акыркы мезгилде өлкө сырын саткандар көбөйүп кеткен.

"Жакында эле мамлекеттик сырды саткандар камалды. Бул өтө жаман көрүнүш. Акыркы 10 жыл ичинде эле канчалаган адамдар бийликке келди. Алардын бирөөсү менен да мамлекеттик сыр боюнча түшүндүрүү иштери (инструктаж) өтүлгөн эмес. Учурда да миңдеген кызматкерлер бар. Ошолорго мамлекеттик сырды сактоо боюнча курстарды өтөлү. Эгерде биз бул маселени чече албасак, кыргыз элинин келечегине кедергиси тиет", — деди Иманалиев.

Эл өкүлү мамлекеттик чыккынчылык менен камалгандар бүткүл республикага көө жаап жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдун уулу Алтынбек Муралиев мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган 20 жылга эркинен ажыратылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0