Мавлян Аскарбеков: Жогорку Кеңешти таратуу боюнча кол топтоону баштадык

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештеги депутаттын орунунун архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештеги депутаттын орунунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Референдумга жол жок" кыймылынын мүчөсү кол топтоо Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга да каршы чогултулуп жатканын кошумчалады.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңешти таратуу боюнча кол топтоо башталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргыщстан агенттигине "Референдумга жол жок" кыймылынын мүчөсү Мавлян Аскарбеков билдирди. 

Эске сала кетсек, КСДП, "Республика — Ата-Журат", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Кыргызстан" фракциялары референдум жолу менен Конституцияны өзгөртүү демилгесин көтөргөн. Аталган сунушту президент колдоо алганы менен Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаевалар каршы чыгышкан. Ошондон улам өлкөдөгү саясий кырдаал күч алып кеткен. 

"Бүгүн "Рефендумга жол жок" кыймылы жыйын өткөрүп, анда бийлик Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамсыз аракеттери жасалганы айтылды. Кыргызстан боюнча референдумга каршы адамдардын колун топтой баштадык. Ошондой эле бүгүндөн тартып өз милдетин аткара албай калган Жогорку Кеңешти таратуу боюнча да кол топтоо старт алды", — деди Аскарбеков. 

Анын айтымында, жыйынга Равшан Жээнбеков, Элмира Ибраимова, Кеңеш Дүйшөбаев, Адахан Мадумаров, Замира Сыдыкова жана башкалар катышкан. Ал аталган кыймылдын курултайы 8-октябрга белгиленгенин, кол чогултуу ошол күнкү курултайда аяктарын кошумчалады. 

Ал эми Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелегендер референдумду 4-декабрда өткөрүүнү сунуштап жатышат.

Жаңы Конституция жарга такайбы же керекке жарайбы? Эксперттердин пикирин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0