Абдылдаев: ЕККУ Батыровдон кийин "Ислам мамлекетинин" өкүлдөрүнө да сөз бериши ажеп эмес

© REUTERS / Eduardo MunozКыргызстандын ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынында
Кыргызстандын ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-февралда ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу Кыргызстанда сыртынан өмүр бою кесилген Кадыржан Батыровго эл аралык аянтчада сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берген. Кыргызстан бул кадамды КР элин сыйлабастык катары баалады.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандын ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынында сүйлөп жатып, ЕККУ өмүр бою абакка кесилген Кадыржан Батыровдон кийин "Ислам мамлекети" террордук уюмунун өкүлдөрүнө да сөз бериши ажеп эмес деп билдирди. Министрдин сүйлөгөн БУУнун Башкы ассамблеясынын сайтында жайгаштырылды.

"Дагы бир маселени айткым келет. 20-23-сентябрда ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу Кыргызстандын Жогорку соту тарабынан сыртынан өмүр бою кесилген Кадыржан Батыровдун сөз берген. Ал 2010-жылы улуттар аралык жаңжалды тутантты деп айыпталган. 2013-жылы Батыров Россия тарабынан да ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип издөөгө алынган", — деди министр.

Анын айтымында Кыргызстан ЕККУ менен кызматташууда жакшы ийгиликтерге жете алды. Бирок, ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу өзүнүн саясаты менен Кыргызстандагы абалды туруксуздаштырып чыр-чатакты козутуп жатат.

"Биздин мамлекет парламенттик демократияны куруу үчүн оор жолду басып өттү. Биз ЕККУ менен Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюронун сунуштарын кыйшаюусуз жана дыкат аткарып жатабыз. Биз муну ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун жогорудагы аракетин бир гана сот системасын сыйлабагандык эмес, Кыргызстандын элин сыйлабагандык катары эсептейбиз", — деген Абдылдаев.

Ал ошондой эле бул аракетти башкача кабылдоого мүмкүн эместигин баса белгилеп, ЕККУ менен аталган бюросунун жыл сайын болчу бир жыйыны оор кылмыш жасагандар үчүн да чыгып сүйлөөчү аянтча болуп калышы ажеп эместигин айтты.

Киров суу сактагычынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Абдылдаев: Борбор Азиядагы энергетикалык жана суу байлыктары адилетсиз пайдаланылууда
Абдылдаев андан сырткары Кыргызстан ЕККУнун демократиялык баалуулуктарын колдоп, аны иш жүзүнө ашырып жатканын маалымдады. Бирок, Кыргызстан эки жүздүү стандарттарга жана козутуу аркылуу көз карандысыз мамлекеттердин ички ишине кийлигишүүгө каршы экенин билдирди.

Кыргызстандын делегациясын президент Алмазбек Атамбаев жетектеп барышы керек болчу. Бирок, өлкө башчысы ден соолугунан улам делегацияны баштап барууну Абдылдаевге тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0