ЖКны эки жаат кылган референдум өткөрүү боюнча демилге добуш берүүгө жөнөтүлдү

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүДобуш берип жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Добуш берип жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаттарды мыйзам долбоорун кароо керектигин айтса, "Ата Мекен" менен "Бир Болдун" өкүлдөрү мыйзам болюнча коомдук талкуу өткөрүү керектигин белгилешүүдө.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору депутаттарды кызыл чеке талашка түшүрдү. 

Президен Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жактырды
"КРдин референдум өткөрүү боюнча" мыйзам долбооруна ылайык, Конституцияны өзгөртүүнү демилгелөө үчүн чогултулушу керек болгон 300 миң кол 10 миңге азайтылып, демилге көтөрүү укугуна мындан ары президент эмес, өкмөт ээ болот. Мындан сырткары, буга чейин референдумдун жыйынтыгын атайын комиссия чыгарса, ал процедура эми БШКга берилет. Ошондой эле референдумга коюлган маселеге каршы же колдоо иретинде үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет. Аталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат. 

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова мыйзам долбоору тиешелүү экспертизалардан өтпөгөндүгүнө токтолду.

"Кайсыл экспертизалардан өттү? Бул өтө маанилүү маселе. Коомдук талкуулар болгон жок. Мен биринчи окууда эле каршы чыккам", — деди Салянова. 

Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин төрайымы, аталган мыйзам долбоору боюнча баяндамачы болгон Асел Кодуранова бардык керектүү экспертизалардан өткөнүн билдирди. 

"Мыйзам долбоору 11-майда сайтка коюлуп, 29-июнда Жогорку Кеңешке киргизилген. Ушул убакта керектүү талкуулар өткөрүлдү. Эртеси күнү керектүү экспертизалардан корутундулары алынып, 30-июнда биринчи окууда каралган", — деди Кодуранова. 

Ал эми "Бир Бол" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев мыйзам демилгелөө үчүн чогултулушу керек болгон 300 миң кол 10 миңге азайтылыш керек деген туура эмес экенин айтты.

"Мен биринчи окууда эле сунуш киргизген элем. 300 миң адамды 10 миңге азайтуу туура эмес. Биринчи окууда айтканымда демилгечилер сунуш эске алат дегенсиңер. Эмне үчүн өзгөртүлгөн жок? Эгерде ушул бойдон кабыл алынса, Конституцияны одоно бузгандык болот. Анткени жаңы Конституцияны өзгөртүү демилгесинде 300 миң деп турат", — деди Абдылдаев. 

Ал эми төрага Чыныбай Турсунбеков сунуштар кат боюнча түшүш керек экенин, оозеки сунуштар кабыл алынбай тургандыгын кошумчалады.

Ал эми "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов депутат Абдылдаевдин сунушун колдоого алды. 

"Мен сиздин айтканыңызга толугу менен кошулам. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 300 миң киши болушу керек. Биринчи окууда сунуш түшкөн. Бул боюнча коомдук талкуу өткөрүү керек болчу. Маселени шашпай карайлы", — деди Шыкмаматов. 

Республика — Ата-Журт фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов: Жогорку Кеңеште койлор отурган жок
Ал эми "Бир Бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова тармактык комитетти өзүнө ыңгайлуу пикирлерди гана кабыл алып жатат деп айыптады. 

КСДП фракциясынын депутаттары Төрбай Зулпукаров, Дастан Бекешовдор эч кандай мыйзам бузуу болбогондугуна токтолуп, батыраак добуш берүүгө чакырды. 

Ал эми "Ата Мекендин" депутаттары Аида Салянова менен Наталья Никитенко мыйзам долбоорун артка кайтарууну сунуштаса, КСДП депутаты Иса Өмүркулов добуш берүүгө жөнөтүү керектигин айтты. 

Төрага Турсунбеков маселе добуш берүү менен чечилерин айтып, мыйзам долбоорун добуш берүүгө жөнөтүүнү 63 депутат колдоду. Мындан улам мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0