Түрк тилдүү өлкөлөрдүн ТИМ башчылары Көчмөндөр оюнун макташты

© Sputnik / Табылды КадырбековТеатрализованное шоу на параде участников II Всемирных игр кочевников на церемонии открытия.
Театрализованное шоу на параде участников II Всемирных игр кочевников на церемонии открытия. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөрдүн экинчи оюну жана КМШ саммити жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгилешти.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынынын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин кызматташуу боюнча жыйынына катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Алмазбек Атамбаев КМШ мамлекеттеринин кеңейтилген отурумунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: Көчмөндөр оюндары саясатташтырылган эмес, андан эч ким чыгарылбайт
Жыйында аталган кеңештен Ислам кызматташтык уюму менен БУУнун Башкы ассамблеясындагы байкоочу статусун алуу боюнча маселе каралган.

Тараптар Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөрдүн экинчи оюну жана КМШ саммити жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгилешти.

Тышкы иштер министри Абдылдаев ноябрь айында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу боюнча тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынын Кыргызстанда өткөрүү ниетин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0