Жогорку Кеңештин депутаттары Мамдума шайлоосуна көз салышты

© Sputnik / Макс Ветров / Медиабанкка өтүүМамдумага шайлоо учурунда. Архив
Мамдумага шайлоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоого КМШ өлкөлөрүнүн 52 байкоочусу күбө болду.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттар тобу Россиянын Мамлекеттик Думасынын шайлоосуна эл аралык байкоочу катары катышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда депутаттар тобун Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков жетектеп барган. 

"Баатырбеков Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Василий Лихачев, ЕККУнун координатору Илкка Канерва жана башка адистер менен жолугушту. Анда байкоого алынган шайлоонун жүрүшү талкууга алынды", — деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, Мамдуманын шайлоосуна КМШ өлкөлөрүнүн 52 байкоочусу күбө болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0