КМШнын кезектеги саммити Москвада 2017-жылы 11-октябрда өтөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев на заседании Совета глав государств – участников Содружества Независимых Государств в Бишкеке
Президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев на заседании Совета глав государств – участников Содружества Независимых Государств в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвадагы саммиттин датасын КМШнын аткаруу катчысы Сергей Лебедев кеңейтилген отурумда айтты.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. КМШнын мамлекет башчыларынын кезектеги саммити Москвада 2017-жылы 11-октябрда өтөт. Мындай чечим Бишкекте жума күнү КМШнын өлкө башчылары тарабынан кабыл алынды.

"КМШга 2017-жылы төрагалык кылуу маселеси каралды. Россиянын президентинин сунушу менен кезектеги саммити Москвада 2017-жылы 11-октябрда өтө турган болду",— деп билдирди КМШнын аткаруу комитетинин катчысы Сергей Лебедев кеңейтилген отурумда.

16-сентябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын жетекчилиги менен КМШ лидерлеринин 25-отуруму өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0