"Кант" авиабазасынын жетекчилиги алмашты

© Фото / пресс-служба авиабазы ОДКБ "Кант""Кант" авиабазасы. Архив
Кант авиабазасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки командир Александр Орлов кызматынан жогорулап, Россияга кетти.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) "Кант" авиабазасында командирдин алмашканын аскердик өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

"Шаршемби күнү авиабазанын жаңы командири — Андрей Янкин келди. Ал Кыргызстанга Россиянын Түштүк аскердик окуругунан которулуп, буга чейин авиациялык полк командиринин орун басарлыгын аркалап келген", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейинки командир Александр Орлов кызматынан жогорулап, Россияга кайтты.

ЖККУнун "Кант" авиабазасы — Бишкектен 20, Канттан 2 чакырым алыстыкта жайгашкан аскердик аэродром. 

Жаңылыктар түрмөгү
0