Президент Атамбаев Молдованын өкмөт башчысы менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев КМШ мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген Молдованын премьер-министри Павел Филип менен жолугушуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев КМШ мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген Молдованын премьер-министри Павел Филип менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Павел Филип КМШ саммитине катышуу үчүн Бишкекке бүгүн келди.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев КМШ мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген Молдованын премьер-министри Павел Филип менен жолукканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Александр Лукашенкону премьер-министр Сооронбай Жээнбеков боорсок менен тосуп алды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке келген Александр Лукашенко менен Сооронбай Жээнбеков кучакташып көрүштү
Жолугушууда Кыргызстан менен Молдованын ортосундагы кызматташууну өрчүтүү жаатындагы маселелер ортого салынды. 

Филип Атамбаевге жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн маселелерди талкуулоого шарт түзүп бергенин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, аталган иш-чара 16-17-сентябрга белгиленип, учурда делегациялар келип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0