Жээнбеков жаңы дайындалган казак кесиптешине куттук айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы кесиптешине чың ден-соолук, жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматта ийгилик жана жетишкендиктерди каалаган.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков Бакытжан Сагинтаевди Казакстандын премьер-министр болуп дайындалышына байланыштуу куттуктоо жолдогонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Жээнбеков өз сөзүндө Сагинтаевдин бай тажрыйбасы менен ишкер сапаты Казакстандын бакубаттуулугуна жана гүлдөп-өсүүсүнө чоң салым кошоруна ишеним артты.

"Биздин биргелешкен аракеттерге ылайык, өлкөлөр ортосундагы салтка айланган достук мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк эки тараптуу мамилелердин бардык багыттары боюнча жаңы деңгээлге чыгып, бир тууган элдерибиздин бакубаттуулугу жана өнүгүүсү үчүн чыңдала берерине үмүт артам", — деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөт башчы кесиптешине чың ден-соолук, жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматта ийгилик жана жетишкендиктерди каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0