Президент Атамбаев Үңкүр-Тоодогу абал боюнча жыйын өткөрдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Үңкүр-Тоо жана чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү
Президент Алмазбек Атамбаев Үңкүр-Тоо жана чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жыйында өлкө башчы чек арага жакын жашаган жарандардын коопсуздугун камсыздоо талабын койду.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Үңкүр-Тоо жана чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Задержанный сотрудниками МВД РУз на Унгар-Тоо сотрудник станции Кербен-24 Нурбек Усупбаев с сыном после освобождения - Sputnik Кыргызстан
Үңкүр-Тоо: мекенине кайткан КР жарандары окуянын чоо-жайын айтып беришти
Жыйынга президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, Башкы штабдын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана башкалар катышып, президентке Үңкүр-Тоодогу абал боюнча маалымат беришти. 

Өз кезегинде Атамбаев күч түзүмдөрү чек арадагы маселелерди убагында чечүүсү керектигин айтып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо талабын койду. 

Эске сала кетсек, Аксыдагы Үңкүр-Тоого өзбек милициялары келип, бүгүнкү күнгө чейин кете элек. Ал эми буга чейин кармап кеткен төрт кыргыз жарандары кечээ түнү бошотулган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0