Казакстандын премьер-министри болуп Бакытжан Сагинтаев дайындалды

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүКазакстандын жаңы премьер-министри болуп дайындалган Бакытжан Сагинтаев. Архив
Казакстандын жаңы премьер-министри болуп дайындалган Бакытжан Сагинтаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки премьер-министр Карим Масимов Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болгон.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Казакстандын жаңы премьер-министри болуп Бакытжан Сагинтаев дайындалганын Акорданын маалымат кызматы билдирди.

Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан президентинин милдетин премьер Мирзиеев аткарып турмай болду
Тийиштүү жарлыкка президент Нурсултан Назарбаев кол койгон. Буга чейин премьер-министр Карим Масимов 8-сентябрда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болуп дайындалган. Ал өкмөттү 2014-жылдын апрелинен тарта башкарып келген.

Сагинтаев 53 жашта, Жамбыл облусунан болот. Түрдүү жылдары Жамбыл облусунда акимдин орун басары, Казакстанда жеке бизнести колдоо боюнча агенттиктин төрагасынын орун басары болгон. "Жеке ишкердикти колдоо фонду" ЖАКтын башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган.

Ошондой эле аймактык өнүктүрүү жана экономикалык өнүгүү жана соода министрликтерин жетектеген. "Нур Отан" партиясынын төрагасынын биринчи орун басары болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0