Молдова президенти Бишкекте өтө турган КМШ саммитине катышпайт

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүМолдова президенти Николай Тимофти. Архив
Молдова президенти Николай Тимофти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга президент Николай Тимофтинин ордуна премьер-министр Павел Филип келмекчи.

БИШКЕК, 8-сен. – Sputnik. Молдова президенти Николай Тимофти 16-сентябрда Бишкекте өтө турган КМШ өлкө башчыларынын саммитине катышпайт.Бул тууралуу Sputnik Молдова президенттин кеңешчиси Ион Пэдурарунун берген маалыматына таянып жазып чыкты.

"Президент Николай Тимофти Бишкектеги саммитке катышпайт. Бул иш-чарага мамлекеттин атынан премьер-министр Павел Филип барат", — деп Пэдурару маалымат таратты. 

Молдова өкмөтү бул кабарды тастыктады.

КМШ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
КМШ саммити: конок камы же кош келиңиздер, президент мырзалар!
Жакында өтө турган министрлер кабинетинин жыйынында форумга бара турган делегациянын курамы макулдашылат. Быйыл Кыргызстан бул иш-чарага төрагалык кылууда. Буга чейин 7-июнда Бишкекте КМШнын өкмөт башчыларынын отуруму болуп өткөн.

Молдова президенти Тимофти 2012-2013-2014-жылдардагы өлкө башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышкан. Өткөн жылы дагы өлкө башчысы бул иш-чарага келген эмес. Анын ордуна ошондогу өкмөт башчы Валерий Стрелец жиберилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0