Атамбаев Өзбекстандагы төрт жаранды бошотуу боюнча аракеттен маалымат алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы аяр мамилени талап кылган чек ара көйгөйлөрүн конструктивдүү чечүү багытын улантуу зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-сентябрь күнү Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алып, чек ара маселесин талкуулады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандык кесиптеши Шавкат Мирзиеев менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Өзбекстандын премьери Мирзиеев менен чек ара маселесин талкуулады
Жолугушуу учурунда президент улуттук коопсуздукту камсыздоо, терроризмге каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан аракеттерден кабар алды. Мындан тышкары, Кыргызстандын төрт жаранын өзбек тараптын кармап турушуна байланышкан кырдаалды жөнгө салуу боюнча компетенттүү мамлекеттик органдар көрүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди. 

Президент Алмазбек Атамбаев жарандардын коопсуздугун, мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча коюлган милдеттерди так аткаруу тапшырмасын берди. Ошону менен катар аяр мамилени талап кылган чек ара көйгөйлөрүн конструктивдүү чечүү багытын улантуу зарылдыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0